Калаада жаңы аллея ачылды (фото)

Калаада жаңы аллея ачылды  (фото)
4-Сен. 2018, Шейшемби, 17:21

Бишкектин Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы аллея пайда болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.

Андай айтылгандай, “Бишкек жашыл чарба” жана “Тазалык” муниципалдык кызматы жаңы аллеяга бөлүнгөн жерди бир жума аралыгында жашылдандыруу иштерин жүргүзүшкөн.

Аллеянын айланасына отургучтар, таштанды салчу челектер орнотулган. Ошондой эле чынар, туянын көчөттөрү жана 7200 даана кооз гүлдөр отургузулган. Учурда аталган аллеяны көрктөндүрүү иштери уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!