Кожобекова: "Поэзия кечеме келгендер бир сыйра ыйлап алышты"

Кожобекова:
5-Сен. 2018, Шаршемби, 13:10

Кечээ ким элек? Бүгүн мына ким болдук?

Акылсыздар эл башкарса тим болдук?

Атасы байлар баш көтөрүп эрденип,

Жөнөкөй журт тепселенип кор болдук.

Кечээ ким элек? Кана эми ким болдук?

Бийлик жандап, өзгө журтка кул болдук.

Калайыктан ынтымакты качырып,

Тили ажаан адилетсиз калк болдук.

Кечээ ким элек? Бүгүн анда ким болдук?

Дөөлөттү кууп, мансап үчүн көр болдук.

Манасымдын осуятын унутуп,

Кыргызыма кыргыздарым кас болдук.

Бүгүнкү күндүн чындыгы жазылган бул керемет ыр саптар жаш калемгер Айгерим Кожобековага таандык. Өзгөчө таланттын ээси, улуу адамдардай улуу саптарды жараткан Айгерим болгону 19 жашта. Ал өзү жаш экенине карабастан эки китептин автору болууга жетишкен. Окуусунан да көптөгөн ийгиликтерди багындыра алды. Ош шаарындагы №11 мектеп-интернатын артыкчылык аттестат, Бишкек шаарындагы Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясын артыкчылык диплом менен аяктаган. Ал эми анын калемине таандык ырлар поэзия сүйүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн эчак эле түнөк тапкан. Жаңыдан таанылып келе жаткан жаш акын кантип поэзияга сүңгүп кирип кеткени баардыгыңыздарга эле кызык болсо керек. Жасап эмес, жашап жазган Айгеримдин “Zaman Kyrgyzstan» маалымат агенттигине берген маегин назарыңыздарга сунуштайбыз.

- Колуңузга калем кармап, ыр саптарды кагаз бетине түшүрө баштаганыңызга канча жыл болду?

- Алгачкы ырымды 9 жашымда жазгам. Анда деген кара сөз түрүндө жазып эле төрт сапка тизе берген экенмин, азыр ал ырларымды окуп бир чети күлүп алсам, бир чети сыймыктанып коем. Ошентип, ара жолдо бир жазып кайра жазбай жүрүп, мына минтип ыр жазганыма 10 жыл болду.

- Эң алгачкы жазган ырыңыз эсиңиздеби?

- Саптары эсимде жок, атама апама деп жазганым эсимде.

- Ушул жылы “Атама кат” атту китебиңиз жарык көрдү. Окурмандарыңыз кандай кабыл алды?

- Ооба, жогоруда айтып өткөндөй 10 жылдыкты белгилеп, “Атама кат” аттуу китебимди жарыкка чыгарып, анын урматына “ 10 жыл талбай калем кармап колума, аттаныпмын акындыктын жолуна” деп чыгармачылык кече өткөрдүм. Кечеге келген поэзия сүйүүчүлөрү бир сыйра ыйлап дагы алышты. Ал эми китебимди окугандар алкыштарын айтып жатышты. Мен бир нерсеге гана ыраазы болдум, эч кандай жарнама, пиары жок китептеримди издеп сурашканына. Балким, бул менин бир аз болсо дагы эмгек кылганым болсо керек деп түшүндүм.

- Китептериңизди кайсы жерден таап окуй алышат? Сатыкка чыкты беле?

- Ооба, сатыкка чыккан. Бир жерге тапшыруу үчүн патент талап кылгандыктан күркөөлөргө жайгаштыра албадым. Ошондуктан мага байланышып эле алып жатышты. Китеп сатып алам дегендер азыр деле бар, байланышып жатышат. Тилекке каршы, учурда мен Кыргызстандан чет жакта болгондуктан сатуу мүмкүнчүлүгү жок болуп жатат.

- Китеп чыгарууга акча каражаты талап кылынат эмеспи. Кимдер демөөрчүлүк кылып берди?

- Албетте, азыр китеп эле эмес, жада калса нанды да бекер ооз тийгизбей калбадыбы. Биринчи идеяларымды бүт пландап, эч кимге айтпай каражаттарын эсептеп, бир туугандарыма догурунуп эле бөлүп берип койдум. Өзүм 6 бир тууган болгондуктан, демөөрчү ошол 5 бир тууганым болуп берди.

- Өзүңүз кайсы акындын чыгармаларын окуйсуз? Кимден таасир аласыз?

- Акын дегенде эле биринчи Алыкул Осмонов атабыз эсиме түшөт. Анын чыгармаларын, ырларын окуганда кадимкидей колума калем кармап жан дүйнөмдөн ырлар оргуштап калат. Жана ошондой эле 21-кылымдын Алыкулу аталган Бердибек Жамгырчиев агамдын ырларынан дагы таасирленем. Негизи эле кандай китеп болбосун, же чыгарма болбосун, андан бирөөнү болсо дагы жаңы сөз алганга аракет кылып турам. Ошондо гана китеп окугандай болуп өзүмө өзүм ыразы боло түшөм.


- Сиздин чыгармаларыңызды айрым ырчылар обон салып ырдап жүрүшөт. Сурабай эле алып алган учурлар болду беле?

- Жок, андай учур болгон эмес. Себеби, баары эле алгач обонун алып келет, мен түшүрүп жазып берем. Ошол себептен обондуу ырлар китепке түшкөн жок. Обонго түшкөн соң техника тараптан өзгөрүп дагы кетиши мүмкүн. Нургазы Абдуллаев, Динара Акрамова, Сапар Туратов, Руслан Ташиев, Мунарбек Кадыров, Мамат Бектурганов аттуу жаш ырчылар учурда бирден-экиден менин калемиме таандык ырларды аткарып жүрүшөт.

- Сизге эргүү качан келет? Өзүнүн мезгили болобу?

- Эргүүнүн мезгили болбойт, бирок, жүрөккө жүрөккө жеткен кандайдыр бир кырдаал болушу керек. Ошондон улам мыкты анан мыкты саптар жаралып, жүрөктөн чыгып жүрөккө жетет деп түшүнөм.

- Өзүнүн убактысын көңүл ачуучу жайларда, тагыраагы түнкү клубдарда өткөргөн кыздарга көз карашыңыз кандай?

- Кыргызымда: “Кызга кырк үйдөн тыюу” деген накыл сөз бар. Кыз бала деген деги эле түнкү клубда жүрмөк түгүл, баскан изинен абайлаш керек. Анткени, азыр бөрүлөрдүн заманы болуп калбадыбы. Ошондуктан эмне гана болбосун ата-эненин уруксаты менен болуш керек деп ойлойм элем. Баары эле бактылуу болгусу келет. Тек гана ошол бакытка жеңил жолду салып алышканы бар. Азыр модель мисс дегендер чачтан көбөйдү. Аларды көрүп ар бир кыз суктанат, ошондой болгусу келет, психикасы бузулат. Азыр студент кыздарды өз алдынча квартирага жайгаштыруу да кооптуу, ошон үчүн ишенген тапшырып тарбиясын көзөмөлгө алышы керек. Жашоо өзү сыноо, ар бир адам адашат. Ошондуктан баарынан жакшы нерсе издеш керек.


- Жаштар китеп менен дос болуусу үчүн эмне кылуу керек?

- Ачыгын айтсам мен деле кыйратып китеп окуй бербейм. Бирок, китеп окуган адамдар менен көп достошом. Балким, китеп окубагандар үчүн бул дагы жакшы ыкма болсо керек. Алгачкылардын болуп социалдык тармактарда мен ыр окуп чыккандыктанбы, ыр окуп, ыр жазып мага кайрылгандар арбын. Ошол учурда, жада калса китеп окуй албаган адамды уксам дагы, баары бир поэзия жүрөгүнөн түнөк тапканына кубанып бир эргип угам. Ырасында, менин максатым ушул болчу деп ичимден ан сайын кудуңдап коем.

- Алдыда дагы сизден кандай жаңылыктарды күтсөк болот?

- Буруса дагы да жакшы китептерге автор болугум мүмкүн. Ошондой эле, өз кесибим менен иштеп андан ары продюсердик борбор ачсамбы деп ойлогом. Эми ал жагын дагы пландап ишке ашыруунун амалын көрөбүз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!