​Учак Баткенге жетпей кайра кайтты

​Учак Баткенге жетпей кайра кайтты
27-Март 2018, Шейшемби, 14:35

Аба ырайына байланыштуу Бишкек-Баткен каттамындагы учак 27-март күнү коно турган жерине жетпей артка кайтты. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, “Tez Jet" авиакомпаниясынын 107-каттамдагы учагы саат 11:15те учуп, 12:13дө кайра келип конду. "Flightradar24.com" сайтынын маалыматына ылайык, учак Жалал-Абад аймагынан кайра тарткан. Баткенде жамгыр жаап, учакты кондурууга шарт начар болгондуктан "Манас" эл аралык аэропортуна кайтууга мажбур. Учакта жүзгө жакын жүргүнчү болгон. Алардын айрымдарына билеттин акчасы кайтарылып, айрымдары кийинкү күнкү каттамга которулду
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!