28-март: тоолуу аймактарда кар жаайт

28-март: тоолуу аймактарда кар жаайт
27-Март 2018, Шейшемби, 15:10

28-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, тоолуу райондорго кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалымата караганда, 28-мартта күндүзү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын болот. Тоолуу унаа жолдоруна муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...+4, күндүз 7...12,

Нарын облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 7...12,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 11...16,

Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 11...16,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...+4, күндүз 7...12,

Нарын облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 7...12,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...-5.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили жамгыр жаайтт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…7, күндүз 13…15 градуска чейин жогорулайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР