Кыргызстанда эпизоотикалык абал туруктуу

Кыргызстанда эпизоотикалык абал туруктуу
28-Март 2017, Шейшемби

Учурда Кыргызстандын аймагында эпизотикалык абал туруктуу. 2016-жылы экономикага чоң зыян алып келе турган оорулар өлкө аймагында катталган жок. Анткени, ветеринардык иш-чаралардын натыйжалуу жүргөндүгүнө байланыштуу 2015-жылга салыштырмалуу өткөн жылы 25 оорунун очогу аз катталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдары эмдөө чаралары бюджет тартыштыгынан кеч жасалчу. Быйыл бул маселе өз убагында чечилген. Башкача айтканда мурда бир жылга 61 млн сом акча каралып келсе, быйыл 131 млн сом бөлүнгөн. Бул каражат мурдагы жылдарга салыштырганда үч эсе көптүк кылат.

“Буга чейин эмдөө иштерине акча каражаты жетишпей же каражат өз убагында бөлүнбөгөндүктөн тендерлер да кеч өтүп келген. Мындан улам дарылар август айларында алып келингендиктен, малдын көбү жайлоолордо болгондугуна байланыштуу бизде акыбал оорураак болуп калчу. Быйыл өкмөт бул маселени өз убагында чечип берди”,- дейт Жумаканов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!