Майыптарга китеп жазган Бакберди

Майыптарга китеп жазган Бакберди
28-Март 2017, Шейшемби

Каарманыбыз Бакберди Өмүралиев эки кулагы жакшы укпагандыктан экинчи топтогу майыптыгына карабай жогорку окуу жайын аяктаган. Учурда өз адистиги менен иштей албаса дагы, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн компьютерди үйрөнүү үчүн китепче жазуу менен алек.

Бишкек шаарынын тургуну Бакберди Өмүралиев 1985-жылы Талас шаарында туулган. Ымыркай кезинде дарыгерлер туура эмес диагноз койгондуктан эки кулагы укпай калган. Ага карабастан 9-класска чейин шаардагы мектептердин биринде билим алып, програмист адисине ээ болуу үчүн жогорку окуу жайына тапшырган.

- Кичине кезимде дарыгерлер кулагыма туура эмес диагноз коюп салгандыктан, эки кулагым жакшы укпай калган. Мектепти Таластан 9-класска чейин окуп бүткөн соң Бишкекке үй-бүлөбүз менен көчүп келгенбиз. Ата-энем, эки карындашым менен шаарда турабыз. Окуучулук күндөрүмдө сабактан бир топ эле кыйналдым. Билим алып, мектепти аяктоо мен үчүн оңойго турган жок. Классташтарым дагы жардам берип жатышты. Мугалимдер менин абалымды түшүрүп, дайыма алдыңкы партага отургузаар эле. Жат жазуудан абдан кыйналып, эч нерсени жаза алчу эмесмин. Менин үстүмөн шылдыңдагандар дагы болду. "Тогузду бүттү" деген күбөлүк алганымдан кийин эле борборго келип, үй-бүлөмө жардам берип, ар кандай жумуштарда иштеп жүрдүм.

Бакберди студент кезинде бир топ кыйынчылыктарга кабылган, лекция учурунда мугалим эмне айтса аны түшүнбөй группалаштарынын жардамы аркылуу сабакты өздөштүрүп, жогорку окуу жайын аяктаган.

- Окуучулук кезимде информатика сабагына кызыкчумун. Жогорку окуу жайына 3 жыл кеч тапшырдым. И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетине тапшырып, “програмист” адистигин алып чыккам. Студенттик күндөрүмдө окуудан кыйынчылык көп болду. Кыргыз тилинде мектепти аяктагандыктан предметтердин баардыгын орус тилинде өтөөр элек. Лекция убагында мугалим эмне тууралуу айтып жатканын түшүнчү эмесмин. Тыныгуу убагында жаныма отурган группалаштарымдын дептерин алып, көчүрүп жазып, кээ бир убакта үйүмө алып барып, көчүрүп жазып жүрдүм. Лекциядан калтырчу эмесмин. Кээде гана зарыл иштерим чыккан учурда окууга барбаган күндөрүм болду. Мага көп жардам берген орус улутундагы досум Виталий болду. Аны менен орус тилинде сүйлөшө албасам дагы ал менин абалымды көрүп. Дептерин берип, сабактан жардамдашып экөөбүз бат эле тил табышып кеттик. Азыр жакын достордонбуз. Мамлекеттик экзамендерди түшүнүгүмө жараша жооп берип, окуу жайды “орто” деген баа менен аяктадым.

Учурда каарманыбыздын туруктуу иштей турган жумушу жок. Иш издеп барган мекемеси, какпаган эшиги калган эмес. Аргасы жок апасына жардам берип базарда иштейт.

- Учурда туруктуу жумушум жок. Жумуш издеп бир катар жерге бардым, күзөтчү, бирдик салып иштейин деп тийиштүү мекемелерге бардым, баары эле кулагымдын укпаганымдын кесепетинен жумушка алышпады. Азыр катардагы адамдарга жумуш табылбай жаткан убакта биз сыяктууларга иш оңойлук менен чыкпайт. Апам базарда соода-сатык менен иштегендиктен ага жардам берип, жумасына бир жолу эс алам. Колум бошой калса мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн, деги эле компьютерди үйрөнгөнсү келгендер үчүн китепчи жазуунун үстүндө жүрөм. Азыр компьютерге байланышкан китептердин көбү илимий тилде жазылгандыктан жалпак, элге түшүнүктүү жазылган китепчелерди табуу кыйын. Ошого азыр компьютерим бузулуп калганына байланыштуу кол жазма түрүндө убактым бош учурунда жазып жатам. Схема түрүндө электрондук вариантын даярдоо иштери бар. Мындан тышкары фотошоп программасы менен иштегенди дагы жактырам.

Эки кулагын калыбына келтирүү үчүн дарыгерге көрүнгөн. Бирок, ири каражат кеткендиктен Бакбердинин үй-бүлөсүнүн ага чама-чаркы чак келбейт.

- Азыр кулагымдын бир жак жагы 38 пайыз, экинчи кулагымдын угуу сезими 28 пайызды түзөт. Эки кулактын угуусу 200 пайыз болсо гана толук угат деп эсептелет. Мурун эки кулагым жакшы укпай жатканда элдер менен кагаз аркылуу сүйлөшчүмүн. Кийин бир жак кулагым чала угуп калды. Дарыгерлерге текшерилгенимде операция жолу менен калыбына келтирсе болот дешкен. Бирок дарылатууга ири каражат кеткендиктен үй-бүлөбүздүн ага чама-чаркы чак келбейт. Жасалма аппарат менен уккандар дагы бар, аны сатып алганга мүмкүнчүлүгүм жок. Базардан жакшы акча табайын десем соода дагы болбой да калат. Анткени кардарлар менен бири-бирибизди жакшы түшүнө албай соода кылгандардын 25 пайызы эч нерсе сатып албай, мага чыдабай кетип калышат. Арасында шылдыңдагандары дагы болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!