Жыл аягына чейин бодо мал идентификацияланат

Жыл аягына чейин бодо мал идентификацияланат
28-Март 2017, Шейшемби

Малды идентификациялоону ишке ашыруу максатында республика боюнча 3 район пилоттук район катары тандалып алынган. Булар Ысык-Ата, Кара-Буура жана Ноокат райондору. Бул иш-чараны ишке ашыруу максаттында Маминспекциянын борбордук аппаратынан тажрыйбалуу адистер тандалып алынган. Атайын республиканын бардык райондорунда түзүлгөн жумушчу топ тарабынан, ар бир айыл аймактардын адистери, жеке ветеринарлар жана жайыт комитеттеринин кызматкерлери жана башка жалпысынан 2500 адис окутулуп, малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына маалыматтарды киргизүү боюнча иштей башташты.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов: «Буга чейин ветеринардык кызматкерлер чар жайыт иштеп келген болсо, учурда биз муну бир системага салып алдык. Башкача айтканда, азыр ар бир ветеринарлардын өзүнө тиешелүү аймактары бар. Мындан улам алар өз аймагындагы малга жооп берүү милдетин алып жатат. Анткени, биз жеке ветеринарларга акча каражат тапканга шарт түзүп берип жатабыз. Муну ветеринардык бизнес десек болот. Бирок, жеке ветеринарларга акча тапканга жол ачып берүү менен бирге эле аларга жоопкерчиликти да жүктөп жатабыз. Өзүңүздөр көргөндөй эле азыр Чүй жана Талас облусунан башка аймактардагы ветеринардык адистерге мотоцикл берилди. Ошондой эле миңге жакын ветеринардын сумкасынын ичинде сүттү экспресс анализ кыла турган, шприц автомат ж.б аспаптар менен камсыз кылып, алардын потенциялын көтөрдүк»,- деп билдирди.

Анын айтымына караганда, Маминспекциянын жаныбарларды идентификациялоо боюнча түзгөн иш-чараларынын планына ылайык, республика боюнча ишке керектүү жабдыктар толугу менен таркатылып берилген. Тактап айтканда, сервердик жабдуулар, 550 даана компьютер, 1000 даана смартфон жана 1000 даана ноутбук.

«Республика боюнча Ысык-Көлдөн тышкары калган бардык облустарга 716 миң даана бирка, 2000 даана апликатор райондордогу малдын санына жараша бөлүнүп жеткирилип берилди. Ал эми Ысык-Көл облусунда бул багыттагы иштер Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында ушул жылдын аягына чейин жүргүзүлөт.Бүгүнкү күндө жалпы өлкө боюнча 350 миң 600 субъект жана 330 миң 340 объект каттоого алынып, маалыматтык системанын базасына киргизилди. Ошондой эле 390,0 миңден ашуун бодо мал идентификациядан өтүп, 8089,3 млн. сом акча каражаты чогултулган»,- деди Жумаканов.

«алдарды идентификациялоо иши азыркы учурда саан уйларга жана кунаажындарга гана жүргүзүлүп жатат. Анткени, биз ЕАЭБне кирген өлкөлөргө этти экспортко чыгара элегибизде эле алынган биркаларды коротуп салбашыбыз үчүн мындай кадамдарга баруудабыз. Себеби, эркек букаларга азыр бирка тагып койсок, анда биз жөн гана биркаларды ысырап кылган болобуз. Ошондуктан бодо малдар толук бүткөндөн кийин жылкы, кой ж.б жандыктарды идентификациялап баштайбыз. Ал эми Кыргызстан боюнча ири мүйүздүү малдарды идентификациялоону үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бүткөрүүнү пландап жатабыз. Негизинен малды идентификациялоонун I этабына өкмөт 40 млн сом каражат жумшап, бүгүнкү күндө Талас облусу менен Ош облусунун Ноокат районунда идентификация өнөктүгү аяктады. Учурда идентификациялоонун I этабы дээрлик аягына чыгып калды, II табы 2017-жылдын сентябрь айында башталат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн биз Өкмөттөн 28 млн сом насыя алганбыз»,- деп кошумчалады ал.

Жумаканов белгилегендей, бүгүнкү күнү малды идентификациялоо долбоорун ишке ашыруу Евразия экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) талаптарына жооп берген натыйжалуу, өз убагындагы идентификациялоо тутумун түзүүнү шарттайт. Бул өлкөнүн ЕАЭБге катышуусундагы маанилүү курамдык бөлүк гана эмес, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуунун олуттуу фактору болуп калат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!