Шамырканов: “Жерден тосуп алуучу мат жок”

Шамырканов: “Жерден тосуп алуучу мат жок”
17-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Көп кабаттуу үйдүн чатыранан секирүүгө аракеттенгендерди жерден тосуп алуучу атайын мат жок. Бул тууралуу “Zaman.kg” сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ыкчам башкармалыгынын жетекчиси Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымына караганда, бийиктиктен секирип өз өмүрүн кыйган учур сейрек кездешет.

“Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн чатырынан секирүү аракетин кылган аял боюнча маалымат бизге түшөөрү менен кызматкерлер аталган жерге барышкан. Ал аялга биздин кызматкерлер тиешелүү психологиялык жардам берүү менен аны аман алып кала алышты. Бирок, бул окуя 12 кабаттын чатырынын үстүндө болгон. Капыстан бир нерсе болсо, анда чынында эле бизде бийиктиктен секиргендерди жерден тосуп ала тургандай матыбыз жок. Ошондуктан бул окуядан кийин биз бул маселени ойлонуп, биздин тиешелүү шаардык куткаруу кызматтарына бийиктиктен секирүүгө аракеттенгендерди тосуп алуу аракеттерин көрүү боюнча тапшырмалар берилди. Анткени, биз үчүн ар бир адамдын өмүрү кымбат”,- дейт Шамырканов.

Эскерте кетсек, 12-апрелде саат 16:40 чамасында Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн чатырынан бир аял секирүүгө аракет жасаган. Бишкек ШИИБнин маалыматына караганда, ал аял паранжа жамынат. Ал күйөөсү менен урушуп кетип, таарынычын ушундай жол менен көрсөткөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!