19-апрель: айрым жерлерде жаан жаайт

19-апрель: айрым жерлерде жаан жаайт
19-Апр. 2017, Шаршемби

Бүгүн, 19-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +17...+22;

Талас жергесинде түнкүсүн +3...+8, күндүз +17...+22;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8...+13, күндүз +20...+25;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +3...+8, күндүз +13...+17;

Нарын облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +13...+17;

Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Түнкүсүн +6…+8, күндүз +19…+21 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!