24-апрель: күн ачык болот

24-апрель: күн ачык болот
24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 24-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +22...+27 градус ысык болот.

Талас жергесинде түнкүсүн +6...+11, күндүз +21...+26 градус ысыйт.

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9...+14, күндүз +23...+28 градус ысык болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +12...+17 градуска жылыйт.

Нарында түнкүсүн -1...+4, күндүз +12...+17 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12, күндүз +25...+27 градус ысык болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!