Бишкек шаарынын жаштары кантип эс алышат?

Бишкек шаарынын жаштары кантип эс алышат?
18-Янв. 2019, Жума, 14:05

Азыркы Бишкектин жаштары түнкү клуб, караоке-бар, кальян, пиццерия, суши барларга гана барып тим болбостон эс алууларын активдүү жана пайдалуу өткөрүп калышкан. zaman.kg жаштардын эс алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу иликтеп көрдү.

Жыл мезилине жараша эс алуулары дагы алмашып турат. Азыр кыш болгондугуна байланыштуу көпчүлүк шаар тургундары үй-бүлөсү менен, жаштар достору менен тоо койнуна чыгып лыжа, сноуборд тээп эс алышат. Тоого бара албай калгандар алардан кем калбай шаардагы муз аянтчаларга барып коньки тээп чер жазса болот.

Логикалык оюндар актуалдуу

Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринде котормочу жаатында окуган Алтынай Өмүрбек кызынын айтымында, эс алуу убактысын тынч жерлерде өткөрүүнү каалагандар үчүн кызыктуу жерлер бар. Мисалы, достору менен логикалык оюндарга барып убактысын тынч жана кызыктуу өткөрө турган жерлердин бири “Мозгобойня” логикалык оюнун айтсак болот. Бул оюнда жөн гана убакытты өткөрбөстөн чогулбаган достор чогулуп, билбеген көп кырдуу тармактар жөнүндө кызыктуу нерселерди үйрөнсө болот. Алтынай өзүнүн бош убактысын логикалык оюндарды ойноо менен өткөрөт.

Бирок үйүнөн чыкпай эс алууну каалагандарда албетте, биринчи орунда интернет турат. Ал жактан ар түрдүү социалдык тармактарга, таанышуу сайттарда жана ар кандай көнүл ачуучу сайттарда күнү-түнү менен отурушуп болгон убактыларынын баарын ошол жакка коротот.

Таза абадагы эс алуу

Жаштар жаз-жай мезгилинде шаардагы бир күндүк турлар аркылуу достору менен чогулуп алып жаратылыш койнуна экскурцияга чыгышат. Жайкы каникул учурунда дагы көпчүлүк жаштар колушунан келгенче шаардан айылга салкын, таза абага барып эс алганга көбүрөөк басым жасап калышкан. Бул эс алууну ат минүү менен бирге бириктирсе болот. Ат минип бир гана таза абада жүрбөстөн көптөгөн кооз жерлерди дагы көрө алышат.

Адреналин менен эс алууга кызыккандарга

Эс алууларын адреналин менен өткөрүүнү каалагандарда аз эмес. Азыркы жаштардын эң көп барган эс алуу жайларына “Квест” жана “Страйкболдук полигон” дагы кирет. “Квестте” коркунучтуу бөлмөлөрдү аралап, жашоодогу коркунучтар аралашкан, белгилүү бир сюжеттүү оюн. Ал эми “Страйкболдук полигон” болсо, аскердик оюн деп айтса дагы болот. Мылтыктагы түстүү шарларменен карама-каршы команда күч сынап ойношот. Жай-күз мезгилдеринде шаардын четине чыгып парапландан учууга дагы болот.Тажрыйбалуу машыктыруучулар менен бирге кооз жаратылышты, Бишкекти толугу менен көрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк. Мындан башка дагы “Скалодром”го барып жаңы бийиктиктерди багындырсаң болот. Шаардын кичинекей болгонуна карабай жаштардын эс алуусуна арналган ар кандай кызыктуу эс алуучу жайлардын саны күн санап өсүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!