25-апрель: күн ачык болот

25-апрель: күн ачык болот
25-Апр. 2017, Шейшемби

Бүгүн, 25-апрелде Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10...+15, күндүз +25...+30;

Талас жергесинде түнкүсүн +8...+13, күндүз +25...+30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10...+15, күндүз +25...+30;

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +3...+8, күндүз +15...+20;

Нарын облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +15...+20;

Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +13...+15, күндүз +28...+30 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!