Жазгы чакыруунун жүрүшү боюнча текшерүү өттү

Жазгы чакыруунун жүрүшү боюнча текшерүү өттү
25-Апр. 2017, Шейшемби


Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков кечээ, 24-апрелде Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин республикалык жыйын пунктуна күтүүсүз барып, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүндөгү аскерге жазгы чакыруунун жүрүшү боюнча пландан тышкаркы текшерүү өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр аскерге бараардын алдында медициналык текшерүүдөн өтүп жаткан жоокерлер менен баарлашты.

Текшерүү учурунда аскерге чакыруу пунктунда 50дөй адам болгон, алардын көпчүлүгү өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын бөлүмүнө кызмат өтөө үчүн барышат.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү вице-премьер-министрге бардык аскерге чакырылгандар каалоосу менен кызмат өтөөгө кетип жатканын билдирди. Алар ошондой эле акыркы кезде өз каалоосу менен аскерди таштап кеткендер дээрлик жокко эсе экенин кошумчалады.

Мындан сырткары, республикалык аскерге чакыруу комиссиясынын төрагасы, полковник Арстан Керималиев жазгы аскерге чакыруунун жүрүшү жана Куралдуу Күчтөрүнүн буйруктарына ылайык жана башка аскердик түзүлүштөрдө уюштуруучулук, жарандар үчүн талаптар боюнча аскердик кызматка чакырылуусу жана тандоо тартиби тууралуу маалымат берди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!