27-апрель: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

27-апрель: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
27-Апр. 2017, Бейшемби

Бүгүн, 27-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10...+15, күндүз +18...+23,

Талас облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +18...+23,

Баткен облустарында түнкүсүн +9...+14, күндүз +20...+25,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында +11...+16, күндүз +20...+25,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +4...+9, күндүз +16...+21,

Нарын жергесинде түнкүсүн +1...+6, күндүз +17...+22,

Ал эми Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +21…+23 градус жылуу болушу ыктымал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!