Бишкекте ит кат жөнөтүү үчүн почтага келди

Бишкекте ит кат жөнөтүү үчүн почтага келди
27-Апр. 2017, Бейшемби

Кыргызстандын почта бөлүмдөрүнүн биринде адаттан тыш окуя болду. Ит кат жөнөтүү үчүн почтага келген. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде окурмандардын бири Роман Кострубов билдирди.

Анын билдирүүсүнө ылайык, ит өзү менен кошо «Кыргызпочтасынын» Жибек Жолу менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги бөлүмүнө кат алып келген. Катта багытталган дареги да көрсөтүлгөн.

«Ит катты тиштеп алып почта бөлүмүн айланып жүргөн. Аны почтанын кызматкерлери байкап калышкан. Кеңешмеден кийин алар катты дарегине жөнөтүүнү чечишкен»,-деди ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!