29-апрель: айрым жерлерде жаан жаайт

29-апрель: айрым жерлерде жаан жаайт
29-Апр. 2017, Ишемби

Бүгүн, 29-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондоруна жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1...+6, күндүз +10...+15;

Талас жергесинде түнкүсүн +1...+6, күндүз +9...+14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4...+9, күндүз +13...+18;

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +1...+6, күндүз +7...+12;

Нарын облусунда түнкүсүн 1...+6, күндүз +8...+13;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +3...+5, күндүз +13...+15 градус жылуу болот.

Ал эми 30-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 1-майда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!