16-май: жаан жаашы күтүлөт

16-май: жаан жаашы күтүлөт
16-Май 2017, Шейшемби

16-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан-жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, айрым жерлерде күн күркүрөшү мүмкун. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17...+22, күндүз +24...+29;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +12...+17, күндүз 23...+28;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +25...+30;

Баткенде түнкүсүн +15...+20, күндүз +25...+30;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +9...+14, күндүз +20...+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +21...+26 градуска чейин ысык болот.

Ал эми Бишкек шаарында кечке жуук өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +20...+22, күндүз +25...+27 градуска чейин жогорулайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!