​Козу карын өстүрүп, киреше табыңыз!

​Козу карын өстүрүп, киреше табыңыз!
16-Май 2017, Шейшемби

Учурда Кыргызстандын азыркы шартында козу карындар өсүп, бышып жетилген убагы. Алардын 2 миңден ашуун түрү болгондуктан, анын 98 гана түрүн жегенге боло турганы аныкталган. Ошол учурда козу карынды күнөсканада өстүргөн дыйкандар да жок эмес. Алардын бири жеке ишкер Бакай Алиев бул өсүмдүктү өстүрүүнүн сырлары менен Zaman. kg cайтына бөлүштү.

Козу карын нымдуулукту сүйөт

- Козу карын күн ысык мезгилди жактырбагандыктан, нымдуулукту сүйгөндүктөн күнөсканада өстүргөн ыңгайлуу. Учурда күнөсканада 300гө жакын капка козу карын өстүрүүдөмүн. Кап дегеним алгач капты узунунан бири катар тизип даярдап алабыз. Ага саманды салып, буудайдын уругу менен козу карындын уругун аралаштырып сээп, оозун бекемдеп жаап коебуз. Убакыттын өтүшү менен тагыраагы 1 жарым күн дегенде кап агарып, буудай өнө баштаганда козу карын дагы өгүп чыгат. Ал учурда каптын бир нече жеринен 5 жеринен тешип койгондо козу карын өнүп чыгат. Бир жумага жетпей бышып, сатыкка чыгарса болот.

Бир каптан 20 кг козу карын алууга болот

- Өстүргөн козу карындын түрү куснашка деп аталат. Учурда күнүнө он кап козу карын бышып жетилип, түшүмүн жыйнаган убагым. Бир каптан 20 кг козу карын чыгат. Өзүмдүн дайыма ала турган кардарларым бар. Көбүнчө Жалал-Абад шаарындагы супер маркеттер, кафе-ресторандар буюрутма беришкендиктен аларга алып барып берем. Алар килограмдап алышпагандыктан баштыкка 100 сомго ылайыктап 400-500 гр салып өткөрөм. Учурда 1 кг козу карындын базардагы баасы 350 сомдун тегерегинде сатылууда.

“Күнүнө үч миң сомдун тегерегинде пайда табам”

- Бул ишкердик менен алектенгениме 1 жылдан ашты. Күнөсканада өстүрүү үчүн Таш-Көмүрдөн, Аравандан жергиликтүү дыйкандар мага кайрылышкан. Аларга тийиштүү кеп-кеңешимди берген соң өстүрүп көрүштү. Алар карай албагандыктанбы өспөй калыптыр. Учурда бир гана Жалал-Абадда өсүп жатат. Күнүнө 20 кг козу карын алып буюрутма бергендерге өткөрүп турам. Мисалы, 10 кг өткөрчү болсом 3 миң сомдун тегерегинде пайда табам. Бул өсүмдүктү өстүрүү ишкердиктин эң оңой түрү. Болгону эмгектенип, өзүңдүн сатып ала турган кардарың болсо киреши алууга болот.

Коз карындын организме тийгизген пайдасы

Кыргызстанда учурда козу карындардын 2100 түрү бар. Ал эми жегенге боло турган козу карындардын 98 түрү аныкталган. Алардын ичинен көпчүлүк бааланган козу карындар: лисичка, шампиньон, маслёнок, опёнок, ак козу карын, кайыңчы козу карын, кадимки вёшенка жана башкалар. Козу карындар жашына, даярдалышына жана жаралыш шартына жараша организмге пайдасын тийгизет. Жаш козу карындардын 90 пайызын суу түзгөндүктөн, ден соолукка пайдасы абдан чоң. Козу карындар көптөгөн бактерияларга жана вирустарга каршы туруп, иммундук системди бекемдейт. Андан тышкары зат алмашуу процессин жөнгө салат. Ал эми козу карындын айрым түрлөрү медицинада дарыларды жана антибиотиктерди жасоодо колдонулуп келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Колду дезинфекциялоочу каражаттар, суу же самын кайсынысын тандайсыз?
​Колду дезинфекциялоочу каражаттар, суу же самын кайсынысын тандайсыз?
Акча үчүн рингге чыккан 13 жаштагы бала каза болду
Акча үчүн рингге чыккан 13 жаштагы бала каза болду
“iPhone” смартфонуңуз жай иштеп жатабы?
“iPhone” смартфонуңуз жай иштеп жатабы?
​Текебаевдин ишиндеги негизги күбө Маевский камакка алынды
​Текебаевдин ишиндеги негизги күбө Маевский камакка алынды
Ильзат Ахметовго эми “Арсенал” клубу кызыгууда
Ильзат Ахметовго эми “Арсенал” клубу кызыгууда
 Болочок күйөөсүнүн акыркы каалоосун аткаруу үчүн кыз үлпөт көйнөгүн кийди
Болочок күйөөсүнүн акыркы каалоосун аткаруу үчүн кыз үлпөт көйнөгүн кийди
Ички иштер органдарынын  жетекчилери бирдиктүү жыйын өткөрүүдө (фото)
Ички иштер органдарынын жетекчилери бирдиктүү жыйын өткөрүүдө (фото)
Ички иштер министри Франциянын  элчиси Микаэль Ру  менен жолугушту
Ички иштер министри Франциянын элчиси Микаэль Ру менен жолугушту
Бир цифра менен 25 жыл лото ойноп 343 млн доллар утуп алды
Бир цифра менен 25 жыл лото ойноп 343 млн доллар утуп алды
17-ноябрь: Кыргызстандын аймактарында  күн ачык болот
17-ноябрь: Кыргызстандын аймактарында күн ачык болот
Бырыш кетирген сегиз түрдүү азык
Бырыш кетирген сегиз түрдүү азык
Чет өлкөлүк президенттер Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады
Чет өлкөлүк президенттер Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады
Бишкекте улгайган аялдар кар үтүктөп жатат (видео)
Бишкекте улгайган аялдар кар үтүктөп жатат (видео)
“Такебай” тасмасы бай менен кедейдин тагдыр сыноосун көрсөтөт
“Такебай” тасмасы бай менен кедейдин тагдыр сыноосун көрсөтөт
Жээнбеков менен Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү
Жээнбеков менен Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү
​«Манчестер Юнайтед» 3 млрд еврого сатылабы?
​«Манчестер Юнайтед» 3 млрд еврого сатылабы?