18-май: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

18-май: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
17-Май 2017, Шаршемби

Эртең, 18-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +18...+23;

Талас дубанында түнкүсүн +10...+15, күндүз +18...+23;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +20...+25;

Баткен жергесинде түнкүсүн +14...+19, күндүз +19...+24;

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +8...+13, күндүз +18...+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +18...+23 градуска чейин жогорулайт.

Ал эми Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13...15, күндүз 19...21 градус жогору болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!