5-июнь: мезгил-мезгили менен жаан жаайт

5-июнь:  мезгил-мезгили менен жаан жаайт
5-Июнь 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 5-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12...+17, күндүз +23...+28;

Талас аймагында түнкүсүн +11...+16, күндүз +23...+28;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +23...+28;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8...+13, күндүз +14...+19;

Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +16...+21;

Бишкек шаарында 5-6-июнда жана 7-июнда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +14...+16, күндүз +25...+27 градус жылуу болот.

Ал эми 6-июнда жана 7-июнда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 7-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!