6-июнь: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

6-июнь: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
6-Июнь 2017, Шейшемби

Бүгүн, 6-июнда түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +22...+27;

Талас аймагында түнкүсүн +11...+16, күндүз +23...+28;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11...+16, күндүз +24...+29;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9...+14, күндүз +18...+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +17...+22;

Бишкек шаарында 6-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 6-июнда күндүз жана 7-июнда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 7-июнда күндүз жана 8-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12...+14, күндүз +24...+26 градус жылуу болот.

Ал эми 7-июнда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 7-июнда күндүз жаан-чачын кээ бир райондордо күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 8-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!