17-июль: Кыргызстанда жаан жаашы күтүлөт

17-июль: Кыргызстанда жаан жаашы күтүлөт
17-Июль 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 17-июлда түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. 17-июлда күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +25...+30;

Талас аймагында түнкүсүн +10...+15, күндүз +23...+28;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +27...+32;

Баткен дубанында түнкүсүн +14...+19, күндүз +27...+32;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +18...+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +18...+23;

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16...+18, күндүз +27...+29 градус ысык болот.

Ал эми 18-июлда түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 9 метрге жетиши күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!