19-июль: аймактарда жаан жаашы күтүлөт

19-июль: аймактарда жаан жаашы күтүлөт
19-Июль 2017, Шаршемби

Бүгүн, 19-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +28...+33;

Талас аймагында түнкүсүн +9...+14, күндүз +27...+32;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +30...+35;

Баткен дубанында түнкүсүн +15...+20, күндүз +29...+34;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9...+14, күндүз +22...+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +7...+17, күндүз +22...+27;

Бишкек шаарында 19-20-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16...+18, күндүз +31...+33 градус ысык болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!