20-июль: жаан-чачын жаабайт

20-июль: жаан-чачын жаабайт
20-Июль 2017, Бейшемби

Бүгүн, 20-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +29...+34;

Талас аймагында түнкүсүн +10...+15, күндүз +27...+32;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +30...+35;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +20...+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25;

Бишкек шаарында 20-22-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +15...+17, күндүз +32...+34 градус ысык болот.

Ал эми 21-июлда кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. 22-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, 22-июлда күндүз кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!