24-июль: жаан жаашы күтүлөт

24-июль: жаан жаашы күтүлөт
24-Июль 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 24-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15...+20, күндүз +32...+37;

Талас аймагында түнкүсүн +11...+16, күндүз +31...+36;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +33...+38;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +13...+18, күндүз +24...+29;

Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +27...+32;

Бишкек шаарында 24-26-июлда жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +18...+20, күндүз +34...+36 градус ысык болот.

Ал эми 24-26-июлда жаан-чачын күтүлбөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!