25-июль: аба +38 градуска чейин ысыйт

25-июль: аба +38 градуска чейин ысыйт
25-Июль 2017, Шейшемби

Бүгүн, 25-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16...+21, күндүз +32...+37;

Талас аймагында түнкүсүн +12...+17, күндүз +30...+35;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +33...+38;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +25...+30;

Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +28...+33;

Бишкек шаарында 25-27-июлда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +19...+21, күндүз +35...+37 градус ысык болот.

Ал эми 25-27-июлда жаан-чачын күтүлбөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!