26-июль:+40 градуска чейин күн ысыйт

26-июль:+40 градуска чейин күн ысыйт
26-Июль 2017, Шаршемби

Бүгүн, 26-июлда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18...+23, күндүз +34...+39;

Талас аймагында түнкүсүн +14...+19, күндүз +32...+37;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19...+24, күндүз +34...+39;

Баткен дубанында түнкүсүн +18...+23, күндүз +35...+40;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +13...+18, күндүз +26...+31;

Нарын облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +28...+33;

Бишкек шаарында 26-28-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +21...+23, күндүз +36...+38 градус ысык болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!