27-июль:температура +40 градуска жетүүдө

27-июль:температура +40 градуска жетүүдө
27-Июль 2017, Бейшемби

Бүгүн, 27-июлда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +19...+24, күндүз +35...+40;

Талас аймагында түнкүсүн +16...+21, күндүз +33...+38;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19...+24, күндүз +35...+40;

Баткен дубанында түнкүсүн +18...+23, күндүз +35...+40;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +14...+19, күндүз +28...+33;

Нарын облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +29...+34;

Бишкек шаарында 27-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +22...+24, күндүз +37...+39 градус ысык болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!