31-июль: жаан жачын күтүлбөйт

31-июль: жаан жачын күтүлбөйт
31-Июль 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 31-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15...+20, күндүз +32...+37;

Талас аймагында түнкүсүн +11...+16 күндүз +31...+36;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +32...+37;

Баткен дубанында түнкүсүн +18...+23, күндүз +34...+39;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +26...+31;

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +25...+30;

Бишкек шаарында 31-июлда жана 1-2-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +18...+20, күндүз +35...+37 градус ысык болот.

Ал эми 1-3-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт. 4-августта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, түнкүсүн жаан Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!