Кан жол боюндагы “кыргыз рафаэллосу”

Кан жол боюндагы “кыргыз рафаэллосу”
1-Авг. 2017, Шейшемби

Ушул тапта Ош-Бишкек жолун бойлой жайгашкан Суусамыр өрөөнүнүн тургундары жасаган курут, кымыз сыяктуу улуттук тамак-аштары жолдон өткөндөргө сатуу менен алек. Жай мезгили мал кармаган өрөөн тургундары үчүн актан киреше таап калчу убак. Жергиликтүү тургундардын айтымында, сүткө талап дээрлик жок болгондуктан, андан курут жасоонун сырын жакшы өздөштүрүп алышкан. Алар куруттун он чакты түрүн жасашып, күнүнө он килого чейин курут сатышат. “Кыргыз рафаэллосу” аталган бул актын катарында кымыз, сары май, бал дагы бар. Алардын негизги кардарлары сырттан келген туристтер, кан жолдон ары бери каттаган жүргүнчүлөр.

Төмөндө кыргыз даамдарын кыя өтпөй тартып алган фото баянды сунуштайбыз.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!