Саид Рахман: "Индиянын эли шайыр жүрөт"

Саид Рахман:
14-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Ченнай шаары Индиянын түштүк тарабында жайгашкан эң ири шаарлардын бири болуп саналат. Шаар көз жоосун алган тарыхый курулуштарга жана миң жылдап сакталып калган байыркы храмдарга бай келип, туристтерди өзүнө тартып турат. Дал ушул өзгөчө шаардын жашоосу менен жакындан таанышып кайткан мекендешибиз Саид Рахман кызыктуу саякаты тууралуу Zaman.kg маалымат агенттигине бөлүштү.

Саякатчылар катарында эле Индиянын Ченнай шаарында болуу дегеле Индиянын түштүк тарабын кыдыруу кыялдарымдан бири болчу. Анткени өлкөнүн түштүк тарабы түндүк тарабына караганда миңдеген жылдар мурда сакталып калган тарыхый комплекстер, көз жоосун алган храмдар, Мауглидеги жомоктогудай жунглилер, экзотикалуу океан жээктери кызыктырчу. Өлкөнүн түндүк тарабынын көпчүлүк аймактары Моголдордун ислам динин алып келүүсү менен бир топ узун тарыхы бар эстеликтер, храмдар талкаланган болчу. Дегеле Британиянын алгачкы фоспорту эң алгач ушул шаарга негизделип, андагы архитектуралык курулуш – имараттар да Британиянын колониялаштыруу стилине каратылып курулган. Ченнай шаары өзүнүн эл аралык аба майданынын бар экендигине карабай алгач Дели шаарынан поездге билет алып, кечки саат 8:00 чамасында Делиден чыгып кеттик. Поезд менен барууда көп кызыктарды, бир вокзалдан экинчи вокзалга чейин атайын поезддин вагондорун аралаган өнөрпоздорду, кичинекей ууру маймылдарын үйрөтүп алган бир кызыктай адамдарды, көңүл ачуучу оюн-зоокторду вагон ичинде эле уюштура калган өнөр ышкыпоздоруна күбө болгондо такыр башка дүйнөгө түшүп калгандай сезимдер пайда болот экен. Ыр бийге жакын Индия калкы абдан өнөрлүү адамдарга бай. Албетте бул тарыхка бай, контрастуу Индия Орусия же Түркия же такыр эле Европанын шаарларындай эмес. Индиянын өзүнүн философиясын, маданиятын түшүнмөйүнчө бир топ кыйынчылыктар болот. Мындай жашоого, адамдардын аң- сезимине, калктын философиясына көңүл бөлүүдө көп сырлар ачылат, өзуңдүн жашоо турмушуңа каниет кылуу жаралат. Дели-Ченнайдын аралыгы 2800 чакырымга созулуп, бул каттамдарда поезддердин үч түрү бар экенин кийинчирээк билдим.

Ченнай темиржол бекети

Эл жакыр жашаганы менен өздөрүн шайыр алып жүрүшөт экен

А мен бара жатканда эң төмөнкү катмарына отуруп, ар бир вокзалга токтой бергендиктен ошого жараша өзгөчөлуктөргө күбө болуп ырахаттандым . Билет басы 1000 рупий (бизге 750-800 сом) болуп, өтө арзан экендигине ого бетер оозум ачылды. Мени дагы таң калтырган бир жагдай элдин канчалык көптүгүнө жана кээ бир катмардын жашоо шартынын жакырдыгына карабай коомдук жайларда, коомдук унааларда адамдар өздөрүн стабилдүү жана шайыр, шамдагай, позитивдүү алып жүргөнү таң калтырды, бирөө-бирөөнү кокусунан түртүп жиберсе да баштарын чайкап жылмайып кечире билүүнү билишет экен. Бул жыш жайгашкан калк үчүн эң сонун сапат. Баракелде! Адамдар чынында эле сылык жана жумшак мүнөз. Анан коомдук жайларда, төмөнкү класстагы поезддерде тазалыктын жоктугу мени бир топ кыйнап койду. Албетте заман өзгөрүп Индия өкмөтү тазалыкка бир топ мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды жасап келет экен. Алгач күбө болгонумда жийиркенчээк жайым дароо жийиркенип, тамагым түшүп тамакка табитим тартпады. Оорудум бирок бат айыктым. Ал эми кайтканымда дал ушул жол менен Ченнай Экспрессине отурдум. Ал жагы Европанын менмин деген класстагы поездеринен ашса ашып түшөт, бирок кем калбайт экен. Ошентип Ченнай шаарына эки жарым сутка дегенде кирип бардык.

Ченнай (Мадрас) шаарынын чоң шосселери

Ченнай (илгерки Мадрас) шаары Индиянын түштүгүндө жайгашкан Тамилнаду штатынын борбору. Тили хинду жана урду тилдеринен бир кыйла айырмаланып турган тамил тили. Чынында эле өтө оор тилдердин катарын толуктайт. Индиянын көп калктуу шаарларынын ичинен 6-орунда туруп, дүйнөнүн эң ири агломерациялуу шаарларынын катарынан 41- орунда турган калк жыш жайгашкан шаар. Калкынын саны 4 590 267 миңден ашуун (2009).

Ыйык Фома атындагы борбордук чиркөө


Туристтерди өзүнө тарткан Мариян Бич жээги

Туристтерди өзүнө тарткан дүйнөдөгү эң чоң жээктердин алдыңкы катарында турган Мариян Бич жээги Ченнай шаарында жайгашып, анын узундугу 12 чакырымды түзөт. Дүйөнүн ар бурчунан келген саякатчыларды өзүнүн тарыхый имараттары, байыркы храмдары менен өзүнө тарткан шаардын көпчүлүк курулуш имараттары Англиянын колониялаштыруу доорундагы курулуш стилине негизделген. Анан да Ченнай Индиянын атактуу Болливуд киностудиясынан кийинки Колливуд киностудиясы менен да белгилүү. Шаар Индиянын маданий жана илим билимдин борборлорунан болуп, анда бизнес борборлор жана кайра өндүрүш тармактары бир кыйла өнүккөн. Мен бул жерде Ченнай шаары тууралуу кыскача маалымат берүүнү эп көрүп андан аркы бөлүктөрүн өзүнчө айтып берсем кызыктуураак болот деп ойлойм.

Дүйнөнүн эң ири жээктеринен бири болгон Мариян Бич жээги


Шаардагы базар

Шаарда храмдарды көп кездештирүүгө болот

Индияны саякаттоодо Мумбай жана башка шаарларын кыдыруудан Ченнай шаарында болуу да өзгөчө мааниге ээ. Ченнай шаары эң алгач балык улоого ылайыкташкан чакан кыштак менен башталып кылымдар өтүп бүгүнкү күнү Индиянын инфраструктарсы өнүккөн, бизнес жана соода сатыктын борборуна айланыптыр. Колониялаштыруунун таасири астында шаарда христиан чиркөөлөрү арбын. Алардын эң ириси Ыйык Фома атындагы борбордук чиркөө да туристтерди өзүнө тартып, жалпы Индия христиандарынын борбордук чиркөөсү болуп эсептелет. Ченнай шаарында өлкөнүн башка аймактарындагыдай эле салттуу храмдар да арбын. Алардын эң ириси Капалишварар храмы өзүнүн байыркы жасалгалары менен көз жоосун алат.

Капалишварар храмы

Бул храм Шива кудайына арналып курулуп, айтылуу Капалисварар дини миң жылдардан бери өкүм сүрүп келет. Бүгүнкү күнү бул храм бул динди кармануучулардын майрамдык жөрөлгөлөрүн өткөрүүчү борбор катары кызмат көрсөтүп келет экен. Шаардан алыс эмес жерде тактап айтканда Бенгал булуңунун жээгинде Махабалипурам аттуу чоң храмдын комплекси жайгашкан.


Махапалипурам храмдарынын комплекси

Ченнай маданий борбордун шаары

Ал эми шаардын түштүк батышында Минакши кудайынын борбордук комплекси жайгашып, анда зыяратчылардын арты суюлбайт. Андан башка дагы көз жоосун алган мечиттер да арбын. Туристтердин өзгөчө өзүнө тарткан өлкөнүн эң ири тарыхый музейи да дал ушул шаарда жайгашкан. Музыка сүйүүчүлөр декабрь жана январь айларында барышса бүткүл Индиянын музыканттары чогулган оюн зоокторго күбө болушат. Дагы Ченнай шаары өзүнүн маданий комплекстери менен, парктары жана зоопарктары менен айырмаланып, анда өтө сейрек кезиккен индия антилопаларын жана крокодилдерин көрүүго болот.

Зыяратчылардын арты суюлбаган Минакши комплекси


Ченнай мечиттернин бири

Сейрек кездешкен Индия антилопасын Ченнай шаарындагы зоопаркта көрүүгө болот.


Индия тамак аштары абдан ачуу болот

Көчө бойлоп турдуу даамдарды бышырган ашканалар, айрыкча кечке жуук салкындай түшкөндө эл агылган базарларды аралоо да өзүнчө бир керемет. Ошентип бир канча күн бул шаарда болгон соң өлкөнүн борборуна атактуу Ченнай воказалынан жогорку делген поезд менен кайттык. Эгер сиз да бул шаарга саякаттап барып калсаңыз, дал ушул поезддин түрүн таңданыз деп кеңеш берээр элем. Бул поезддердин өзгөчөлүгү жол катары вокзалдарга токтобогону, тамак ашы менен камсыз кылып, тейлөө персонасы өзгөчө экен. Таза тыкан, жагымдуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР