22-август: бийик тоолордо кар жаайт

22-август: бийик тоолордо кар жаайт
22-Авг. 2017, Шейшемби

Бүгүн, 22-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10...+15, күндүз +24...+29;

Талас аймагында түнкүсүн +7...+12, күндүз +23...+28;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +26...+31;

Баткен дубанында түнкүсүн +11..+16, күндүз +26..=31;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +19...+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +20...+25;

Бишкек шаарында 22-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13...+15, күндүз +26...+28 градус ысык болот.

Ал эми 23-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!