5-сентябрь: аба +34 градуска чейин ысык болот

5-сентябрь: аба +34 градуска чейин ысык болот
5-Сен. 2017, Шейшемби

Бүгүн, 5-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден айрым, жерлерде 9-14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +29...+34;

Талас аймагында түнкүсүн +8...+13, күндүз +26...+31;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +28...+33;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8...+13, күндүз +21...+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +21...+26;

Бишкек шаарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17...+19, күндүз +31...+33 градус ысык болот.

Ал эми 6-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!