4-октябрь: жаан карга айланат

4-октябрь: жаан карга айланат
4-Окт. 2017, Шаршемби, 10:06

Бүгүн, 4-октябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2...+7, күндүз +6...+11;

Талас аймагында түнкүсүн +1...+6, күндүз +6...+11;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5...+10, күндүз +9...+14;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +3...+8, күндүз +8...+13;

Нарын облусунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +8...+13;

Бишкек шаарында 4-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +4...+6, күндүз +8...+10 градус жылуу болот.

Ал эми 5-октябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарында көпчүлүк аймактарда, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарда айрым жерлерде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!