28-ноябрь: жолдордун тайгалак болушу күтүлөт

28-ноябрь: жолдордун тайгалак болушу күтүлөт
28-Ноя. 2017, Шейшемби, 09:59

Бүгүн, 28-ноябрда жаан-чачын болбойт. Автожолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8 күндүз +2...+7;

Талас дубанында түнкүсүн -5...-10, күндүз +2...+7;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1..-6, күндүз +6...+11;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз +1...+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...+3;

Бишкек шаарында 28-30-ноябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -4...-6, күндүз +5...+7 градус жылуу болот.

Ал эми 29-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда бир аз жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР