Полина Гагаринадан жеңил образ

Полина Гагаринадан жеңил образ
13-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 11:53

Саякатка барууда кандай кийинүү керек7 Бул суроого Полина Гагарина оңой эле жооп берди. Россиянын белгилүү ырчысы Полина өзүнүн Инсаграмм баракчасына күйөрмандары менен жашоосу тууралуу сүрөт баяны менен байма-бай бөлүшүп турат. Учурда анын Италия өлкөсүнө эс алганы учуп кеткендиги белгилүү болду.

Анткени жакында эле ал аэропорттогу сүрөтү менен бөлүшкөн. Ал спорттук кийимдин ордуна, жеңил токулган көйнөктү тандаган. Ал көйнөк белгилүү дизайнер Katya Dobryakovaга таандык. Ал көйнөк түстүү түстөр менен айкалышкан. Муну менен бирге Полина үстүнө жеңил джинсы куртканы тандаган

Ак түстөгү көз айнек менен ак бут кийим бул образдын көркүн ачууга жардам берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!