Кети Периден билериктер коллекциясы

Кети Периден билериктер коллекциясы
22-Авг. 2018, Шаршемби, 10:37

Америкалык белгилүү ырчы Кети Пери жакында кайрадан өз аты менен билериктердин коллекциясын чыгарды. Чыгарылган бардык тагынчактар ачык өңдүү, романтикалуу жана абдан кооз жасалган.

Коллекция “Талаа гүлдөрү” (Wildflower) деп аталат. Анын түзүмүндө кооз билериктер, сөйкөлөр, шакектер жана шурулар бар. Коллекциянын дизайнында египеттик тематикага басым жасалган.

Аларды кардарлар бир гана “Claire’s” онлайн дүкөнүнөн сатып алышат. Эң кызыгы ал тагынчактардын баасы 14 доллардан ашпайт экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!