“Burberry” 36,5 млн долларга бааланган кийимди өрттөдү

“Burberry” 36,5 млн долларга бааланган кийимди өрттөдү
29-Авг. 2018, Шаршемби, 09:50

“Burberry” компаниясынын өкүлдөрү жаңы сатылбаган 36,5 миллион долларлык кийимдерди өрттөдү. Анын себеби алар кардарларга арзан баада саткылары келген эмес.

Эксперттердин айтуусунда беш жылдын ичинде 120 миллион долларлык кийим жок кылынган.

Аталган компаниянын 2017-жылдын ичинде 36,5 миллион долларга бааланган кийимди өрттөгөндүгү маалым болду. Бул боюнча “The Times” агенттиги кабарлады. Өкүлдөрдүн айтымында алар ушул жол менен өзүнүн брендин, уурулардан жана кайра сатуудан коргоп жатыптыр.

Көрсө алар мүлктөрүн жеке гана өрттөгөн компания эмес экен. Муну менен катар “Louis Vuitton”, “Richemont” компаниялары да бул ыкманы колдонушат. Алар эки жыл аралыгында 500 миллион долларлык сааттарды өрттөп жок кылган.

Айта кетсек, кийимдердин арасында H&M кийиминин маркасы бар.

Чет элдик маалымат булактары боюнча 2013-жылдан бери 16,5 тонна кийим өрттөлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!