Карагаттын пайдалуу жагы

Карагаттын пайдалуу жагы
17-Авг. 2018, Жума, 16:34

Көпчүлүгү карагатты таттуу азыктарды жасоо максатында өстүрүп келет. Андан компот, джем, кисел, сок, варенье жана башкаларды жасаса болот. Ошондой эле карагаттын көп нерсеге пайдалуу жагы бар. Маселен дары катары.

Карагаттын пайдалуу жактары

Карагаттын курамы C витамине абдан бай. Жыйырма тоголок карагат организмди бир күндүк C витмини менен толук камсыз кылат. Мындан тышкары карагаттын курамында антоциан, E K B PP витаминдер топтому бар. Буга катар курамында: темир, кальций, цинк, калий, натрий, фосфор, магний, эфир майы жана башкалар дагы жетиштүү. Карагаттан жасалган азыктар эч убакта витаминдүүлүгүн жоготпойт. Андыктан карагаттын организмге тийгизген пайдасы абдан жогору

Медицинада карагаттын бутактары, жалбырагы, мөмөсү а түгүл тамыры да кеңири колдонулат. Маселен карагаттын жалбырагында C витамини мөмөсүнө караганда алда канча көп. Ал иммунитетти көтөрүүдө, кан тамыр, жүрөк ооруларына миңдин бири.

Карагаттын жалбырагынан жасалган чай же кайнатмалар: сасык тумоону, ангина, бронхит сыяктуу ооруларга каршы колдонулат.

Ошондой эле ал атеросклероз, аз кандуулук, артрит, ревматизм, ашказан ооруларына каршы да пайдалуу. Мындан тышкары канды шлактан, холестиринден жана токсинден тазалоого жардам берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!