Курманын пайдасы

Курманын пайдасы
24-Авг. 2018, Жума, 12:13

Айрыкча кыш мезгилинде бул жемиштин ар кандай формадагы даамга ээ болгон сортторун табууга болот. Мындан улам биз курманын кандай пайдалуу сапаттарга ээ экенине токтолобуз.

Курма-жылуулукту сүйүүчү өсүмдүк. Ошондуктан ал өсүмдүк Евразиянын, Американын жана Австралиянын көп өлкөлөрүндө кеңири таралган. Айрым маалыматтар боюнча курманын 500дөн ашуун түрү бар. А бизге болсо анын эки түрү: Ачыркантуучу кавказдык жана таттуу шоколад аттуу түрү кеңири тараган.

Курманын курамы

Курманын бир даана жемиши орточо 81,5% суудан, 0,5% белоктон, 15,9% углеводдон турат. Анын курамында мындан тышкары органикалык кислоталар, витаминдер, макро жана микро элементтер бар. Башкача айтканда калий, магний, фосфор, темир, йод, алма жана лимон кислотасы. Буга карай B тобунун витаминдери жана A P C витаминдерине ээ. Бул азыктын баалулугу боюнча, 100 грамм жемишинде 62 килокалорий бар.

Пайдасы

Курманын курамында A витаминин топтому көп болгондуктан, ал рак ооруларынын алдын алат. Ошондой эле көздүн жакшы көрүүсүнө жардам берет. Муну менен катар жүрөк-кан тамыр, богок ооруларына да пайдасы жакшы.Табитти ачып, нерв системасын тынчтандырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!