Ромашканын пайдасы

Ромашканын пайдасы
27-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 10:11

Ромашканы ич көпкөндө, ичеги оорусунда, ич өткөктө, суук тийгенде, бронхит, өт жана табарсык ооруларына колдонууга болот. Эки аш кашык ромашка 200 грамм кайнак сууга салынып кайнатылат. Андан соң 15 мүнөт демделет. Жылуу бойдон 50 граммдан эки-үч маал ичилет.

Аны биз ваннада да колдоно алабыз. Мисалы, 1 килограмм ромашка 5-6 литр сууга салынып кайнатылат. Андан кийин ал сүзүлүп алынып ваннадагы сууга кошулат. Мындай ыкма тери ооруларына, бут-колдун терчилдигине жана жараны айыктырууда колдонулат. Ал адамды тынчтандырып, сууктан калтыроону басып, нервтерди калыпка келтирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!