Көк алманын пайдасы

Көк алманын пайдасы
28-Авг. 2018, Шейшемби, 10:58

Адам баласына пайдалуу жемиштердин бири-көк алма. Дарыгерлердин айтымында алманы канчалык көп жесеңиз, анын пайдасы ошончо көп болот. Күнүнө эки даана алма жесеңиз, кан басымыңызды бир калыпта кармап турууга жардам берет. Ошондой эле алманын ширеси организмдеги туздуулукту азайтып, өз калыбына келтирет. Түнкүсүн тамактан соң алманын согун ичсеңиз, ичкен тамагыңыз жакшы сиңип, тишиңиздин бекем болушуна шарт түзөт. Көк алма: C, B1, B2, P, E витаминдерине бай. Муну менен бирге анын курамында марганец жана калий да бар.

Көк алма организмдеги кан айлануу системасын жакшыртат. Мындан сырткары алмадагы клетчаткалар, пектиндер боор жана бөйрөктүн иштөөсүнө жардам берет. Кызыл алмаларга караганда көк алмалар витаминге бай келет. Иммунитетиңизди бекемдеп, организмдеги йоддун көбөйүүсүн камсыздайт. Кандагы холестиринди азайтат. Адам баласынын жаштыгын жана сулуулугун сактоого да жардам берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!