ДЧ -2018: ​Неймар Роналду жана Мессиден ашып кетти

ДЧ -2018: ​Неймар Роналду жана Мессиден ашып кетти
3-Июль 2018, Шейшемби, 10:59

Бразилия курама командасынын чабуулчусу Неймар Мексика менен болгон беттешүүсүндөгү голу менен футбол жылдыздары Криштиану Роналду жана Лионель Мессини чемпионаттагы плей-офф гол сандары боюнча ашып кетти.

Неймар алгачкы ирет чемпионатта плей-офф гол тээп, өзгөчөлөнө алды. Ал эми португалиялык Роналду жана аргентиналык Месси бул баскычта айырмалана алышкан жок.

Эми 1/8 Мексиканы жеңген Бразилия (2:0) чейрек финалда Бельгия менен беттешет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!