​Бельгия Жапонияны жеңип, чейрек финалга чыкты

​Бельгия Жапонияны жеңип, чейрек финалга чыкты
3-Июль 2018, Шейшемби, 11:27

Бельгия курама командасы чемпионаттын 1/8 финал беттешүүсүндө Жапонияны 3:2 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты. Ростов-на-Дону шаарында өткөн оюнда самурайлардын голдорун Генки Харагутижана Такаси Инуи киргизди.

Ал эми бельгиялыктардын чабуулчулары Ян Фертонген жана Маруан Феллаини эсепти теңеди. Кийинки чечүүчү голдун автору бельгиялык футболчу кошумча убакытка 15 секунд калганда киргизип, айырмалана алды.

Эми чейрек финалда бельгиялыктар Мексиканы жеңип алган (2:0) Бразилия курама командасы менен ойнойт.

Бүйүрдү кызыткан беттешүү 6-июлда Казань шаарында өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!