​Путин футбол чемпионатын жеңди

​Путин футбол чемпионатын жеңди
3-Июль 2018, Шейшемби, 12:07

Владимир Путин өз өлкөсүндө өтүп жаткан дүйнө футбол чемпионатын жеңди. Бул тууралуу “Usa Today” гезити жазууда.

“Usa Today” гезитинин баяндамачы Мартин Роджерс Орусиянын президенти Владимир Путин эч нерсеге карабай чемпионатты жеңип чыккандыгын жазгандыгын орусиялык ЖМК билдирүүдө.

Маалыматка ылайык Владимир Путин дүйнө коомчулугу тарабынан Москвага коюлган бардык доо, талаптарды унуттуруп, футбол чемпионаттын майрамага айландыра алды.

Британиялык саясатчылар чемпионатка келбейбиз дешкен. Ал эми АКШнын улуттук коопсуздук кызматынын кеңешчиси Жон Болтон Путин менен баарлашып жатып, чемпионаттын ушунчалык ийгиликтүү уюштурулгандыгынын сырларын сурады.

Швеция башында байкот жарыялап, аягында баш тартууга туура келди.

Орусиянын мыкты уюштурган футбол чемпионатты майрамга айланып, туристтер үчүн жаңы багыт болгондугу белгиленген. Жүз миңдеген адамдарды Орусиянын меймандостугу жана шайырлагы таң калтырган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!