Көзү ачык мышык: “Швейцария – Швеция” ким жеңет?

Көзү ачык мышык: “Швейцария – Швеция” ким жеңет?
3-Июль 2018, Шейшемби, 14:29

Бүгүн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыгуу үчүн Швеция менен Швейцария беттешет. Оюн алдында букмекерден кем калышпаган айбанаттар жеңишке ким жетишээрин айтып эле келатышат. Буга чейин осьминог оюндардын эсебин туура таап келсе, азыр Эрмитаждагы көзү ачык Ахилл мышыгы бир топ беттешүүлөрдү алдын-ала айтууга жетишти.

Бүгүн дагы мышыктын алдына эки команданын желеги түшүрүлгөн идишке тамаксалыпберилди. "Р-Спорт" басылмасы көзү ачык Ахилл мышыгы Швейцарияны тандагандыгын жар салды.

Ахилл мышыгы“Орусия - Сауд Арабия”, “Орусия –Египет”,“Иран – Марокко”, “Бразилия -Коста-Рика” оюндарындажаңылган эмес. Бул мышык эсепти таппаганы менен жеңишти ким ала турганын божомолдой алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР