Марадонна “Аргентина “ командасын акысыз машыктырууну чечти

Марадонна “Аргентина “ командасын акысыз машыктырууну чечти
4-Июль 2018, Шаршемби, 12:31

Легендарлуу футболчу Диего Марадона “Аргентина” курама командасын акысыз машыктырууну чечти. Бул тууралуу “РИА Новости” жазып чыкты. Маалыматка ылайык Диего Марадона улуттук команданын башкы машыктыруучусу болууну кубануу менен кабыл алаарын айткан. Мурда ал 2008-2010-жылдары бул милдетти аткарган.

Ал эми 2018-жылкы дүйнө чемпионаттында команда тайпалык баскычтардан чыгып, бирок 1/8 финалында Франциядан 3:4 эсебинде жеңилип калган.

Диего Марадона “Мен курама командага келгим келет бирок эч нерсе сурабай акысыз иштеп берет элем”,-деп “Telesur” каналында жар салды.

Эсиңиздерге сала кетсек, Диего Марадона Аргентина курама командасында ойноп, 1986-жылы дүйнө чемпионаты болгон. Атактуу футболчу "Барселона", "Наполи", "Севилья" клубдарынын атынан да ойноп келген. ФИФА тарабынан XX кылымдын эң мыкты футболчусу тандалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!