Неймарга 310, Роналдого 100 миллион евро сунуш

Неймарга 310, Роналдого 100 миллион евро сунуш
4-Июль 2018, Шаршемби, 12:41

Неймарга 310, Роналдого 100 миллион евро сунуш

“Реал” клубу Неймарга 310 миллион евро төлөп берүүгө даяр. Муну менен кошо 7 жылдык контракт жана сезонго 45 миллион евро сунуштап жатат.

Ал эми Париж тараптан азырынча эч кандай жооп боло элек. Неймардын ПСЖдагы келишими 2022-жылы аяктайт. Анын айтуусунда ал жылына 36 миллион евро акча табат. Реалдын Неймарды өзүнө өткөрүү эң башкы максат болууда. Ювентустун президенти Андреа Аньелли Перес Флорентино менен сүйлөшүүдө 100 миллион евро сунуш кылынары тууралуу сөз болгон.

Эскерте кетсек, Неймар “Барселона” клубунан ПСЖга 222 миллион евро рекорд менен өтүп, футболдун эң кымбат оюнчусу аталган.

Ал эми “Реал” клубунун чабуулчусу Кристиано Роналдо чындап эле жайында клубдан кетүүсү мүмкүн. Ювентус Реалга 4 жылдык контракт менен 120 миллион евро сунуштады. “Tuttosport” агенттигинин берген маалыматына караганда Андреа Аньелли (Италия бизнесмени, “Ювентус” клубунун президенти) португалиялык футбол жылдызын өткөрүү демилгесин өзү баштаган.

Роналдо Реалдын Ливерпулду уткан оюнунда: “Мен өзүмдү абдан бактылуу сездим”,-деп айткан. Бирок, анын ушул сөзүнөн кийин командадан кете тургандыгы тууралуу ушак-кептер тараган.

Роналдонун "Реал Мадрид" менен түзгөн келишимде 1 миллиард евродон айрылып калуу коркунучу да бар. Ошондой эле, Ювентустун бул бааны төлөп бере турган экономикалык абалы да жок. “La Sexta” каналынын берген маалыматына караганда: “Мадриттиктер Роналдону “Ювентус” клубуна 100 миллион еврого сатууга даяр.

“Турин” клубу 33 жаштагы португалиялык оюнчуга 4 жайкы контракт менен 30 миллиондук евро айлык төлөп берүүгө даяр.

Мамлекеттик медианын берген маалыматына караганда

Төмөнкү маалыматтарга “Реал Мадрид” клубу Неймарга сунуш киргизгендиги тууралуу маалыматтар айдан ачык эле жалган деп белгилөөдө. Реал Мадрид мындай сунуштаган эмес деп айтууда.

"Айрыкча, бул билдирүүнү Испаниянын коомдук каналы “TVE” тарабынан берилгенди бизди таң калтырды",-деп билдирди.

Бирок, Неймардын “Реал Мадрид” клубуна өтүүсү чоң кыялы экендиги күчүнө кирип жаткандай.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!