​ДЧ -2018: Чейрек финалдын калыстары белгилүү болду

​ДЧ -2018: Чейрек финалдын калыстары белгилүү болду
5-Июль 2018, Бейшемби, 11:03

Орусияда өтүп жаткан дүйнө чемпионаттынын бүйүрдү кызыткан ¼ финалдары 6-7-июль күндөрү болуп өтөт. ФИФА эки күндөгү беттешүүлөрдүн калыстарын белгиледи.

Дүйнө чемпионаттынын ¼ финалдары:

6 - июль, 19:00, Уругвай - Франция

Башкы калыс: Нестор Питана (Аргентина)

Жардамчылары Эрнан Майдан жана Хуан Пабло Белатти (экөө тең Аргентина), төртүнчү арбитр – Алиреза Фагани, ассистент – Реза Сохандан (экөө тең – Иран).

6 - июль, 23:00, Бразилия - Бельгия

Башкы калыс: Милорад Мажич (Сербия)

Жардамчылары: Милован Ристич жана Далибор Джурджевич (сербиялыктар).Төртүнчү арбитр америкалык Джайр Марруфо, ассистентти Кори Рокуэлл.

7 - июль, 19:00, Швеция - Англия

Башкы калыс: Бёрн Кюперс (Голландия)

Жардамчылары: Сандер ван Рукел жана Эрвин Зейнстра (Голландия). Төртүнчү арбитр испаниялык Антонио Мигель Матеу Лаос, ассистентти По Себриан (Испания).

7 - июль, 23:00, Россия - Хорватия

Башкы калыс: Сандро Риччи (Бразилия)

Жардамчылары:Эмерсон Де Карвальожана Марсело ван Гассе (Бразилия). Төртүнчү арбитр замбиялык Джанни Сиказу, ассистентти анголалык Джерсон Дос Сантос.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!