​Чемпионатта көрүүчүлөр 98% түздү

​Чемпионатта көрүүчүлөр 98% түздү
7-Июль 2018, Ишемби, 01:40

Орусияда өтүп жаткан дүйнө футбол чемпионаттын көрүүчүлөрдүн саны 98 пайызды түздү. Бул тууралуу "Россия-2018" уюштуруу комитеттинин башкы директору Алексей Сорокин “ТАСС” агентигине билдирди. Маалыматка ылайык учурда чемпионатта 56 беттешүү болуп, 2,5 миллион көрүүчү катышкан. Оюндарга катышуучулардын орточо ченеми болжолдуу 46 009 көрүүчүнү түзгөн.

Алексей Сорокин “Учурда беттешүүлөргө катышуунун деңгээли 98 пайызды түзүүдө. Бул эң мыкты көрсөткүч”,- деп билдирген.

Сорокин билеттер эл аралык талаптарга ылайык бир аз кымбат болгондугун жана ага карабай катышуучулардын саны мыкты болгондугун белгилеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!